Жаңылыктар
Бишкекте кыз-келиндер арасында волейбол боюнча Кыргызстандын биринчилиги старт алды
Спорт
Бишкекте кыз-келиндер арасында волейбол боюнча Кыргызстандын биринчилиги старт алды

Бишкекте кыз-келиндер арасында волейбол боюнча Кыргызстандын биринчилиги старт алды. Бул тууралуу федерациядан билдиришти. Биринчи турдун оюндары Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайынын аянтчасында өтүүдө. 

Ага жалпы 8 команда ат салышат. Мелдештер үч тур менен өтөт. Экинчи турдун оюндары 9-15-март күндөрү, ал эми үчүнчүсү 15-21-июнь күндөрүнө мерчемделген. 

Мелдешке “Салам-Алик”, “Нарын”, “Дордой”, “Ала-Тоо”, “Улар”, “Лима”, “Билим” жана “Ош-Датка” курамалары катышууда.