Жаңылыктар
Индустриалдык-соода-логистикалык борбор КР мыйзамынын негизинде иштейт
Экономика
Индустриалдык-соода-логистикалык борбор КР мыйзамынын негизинде иштейт

Ат-Башыда курула турган индустриалдык-соода-логистикалык борбор Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иш жүргүзөт. 15 миң кишиге ылайыкталган борбордо жумушчулардын 90 пайызын кыргызстандыктар түзөт. Келишимге ылайык, 10 пайыз чет элдик жарандардын аткара турган кызматы адистерди окутуу. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте жалпы жыйында билдирди. 

Эксперттер өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, жумушсуздукту жоюуда жер-жерлерде өнөр жайлардын ишке киргизилишин мезгил талап кылууда. Жергиликтүү калк жашоо-шарттын жакшырышы үчүн ар кандай чагымчыл күчтөрдүн сөзүнө алдырбай, келечекти ойлоо зарылдыгын белгилешет алар. Эл өкүлдөрү логистикалык борбор тууралуу калк арасында түшүндүрүү иштери аз жүргүзүлүп жаткандыгын айтышты.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"