Жаңылыктар
Салттуу музыканы алып жүрүүчүлөр арасында республикалык кароо-сынак өтөт
Маданият
Салттуу музыканы алып жүрүүчүлөр арасында республикалык кароо-сынак өтөт

Салттуу музыканы алып жүрүүчүлөр арасында республикалык кароо-сынак өтөт. Иш-чара 25-апрель - Салттуу музыка күнүнө карата уюштурулууда. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. 

Кароо-сынак оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун айтуучулук, аспапчылык жана аваздык-аспапчылык багыттары боюнча музыканттар арасында ар эки жылда өтүп келет. 

Сынактын максаты - салттуу музыкалык искусствонун “устат-шакирт” өнөрканасын сактоо, оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону алып жүрүүчүлөр арасында жаңы ысымдарды табуу болуп саналат. Байге фонду 1 млн сом.