Советтик мамлекеттик ишмер Михаил Фрунзенин 135 жылдыгына карата Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада көргөзмө ачылды. Анда Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошкон ишмер жазып калтырган “Реорганизация”, “ Келечектеги фронт жана тыл” сыяктуу китептери коюлган.
Мындан сырткары Михаил Фрунзе тууралуу жазылган “Фрунзенин советтик Туркестан үчүн күрөшүүсү”, “М.Фрунзе чыгыш фронтто” документалдык китептерди көрүүгө болот.