Жаңылыктар
"Москва үтүк музейинде" 1500дөн ашуун экспонат бар
Маданият
"Москва үтүк музейинде" 1500дөн ашуун экспонат бар

Мындан туура 100 жыл мурда Максим Губановдун бабасына, Россия падышалыгынын белгилүү дарыгери Феррейнге, досу Европадан алып келген электр үтүгүн белекке берет. Мындай буюмдар ал маалда чанда кезиккен. Өзгөчө буюмдарды чогултканды жакшы көргөн үй-бүлөдө жеке музей ачуу кыялы дал ушул үтүктөн башталган. Бүгүнкү күндө "Москва үтүк музейинде" 1500дөн ашуун экспонат бар.

“Ичине кызытылган көмүр салып, жылуулук үтүккө өткөнчө күтүп туруш керек. Мына ысыды, эми үтүктөй берсе болот. Ичине салынган көмүр муздап баштаганда, аны кайра ысытуу үчүн үтүктү силкиш керек”,- Максим Губанов.

Буу, көмүр, газ жана электр үтүктөрүнөн сырткары бул жерде күнүмдүк турмушта колдонулуучу буюмдар, тарыхый мааниге ээ кийимдер жана башка 15-20-кылымдарга таандык эски буюмдар бар.

“Мунун баары абдан кызык! Кандайдыр бир үтүк мага менин балалыгымды эстетти. Анткени менин чоң энемдин ушундай үтүгү бар болчу. Бул үй-бүлөнүн муундан-муунга өткөрүп сактап келген буюмдарын эми баары көрүп, өткөн жашоосун эстей алышат”,- Светлана Турецкая.

Экзпозицияга киргизилген буюмдардын арасында сары мышык Антоша да бар.