Жаңылыктар
Кыргызстандагы бийик кабаттуу имараттардын сейсмикалык коопсуздугу кандай?
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандагы бийик кабаттуу имараттардын сейсмикалык коопсуздугу кандай?

Кыргызстанда бийик имарат курууну каалаган ишкерлер көбөйүүдө. Аларга Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги кошумча талаптарды аткарууну жана жердин кыртышын, сейсмикалык коопсуздукту эске алууну сунуштайт. Бул эң негизгиси жер титирөөгө туруштук берүү маселесине байланыштуу.



Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу атайын институттун лабораториясында курулуш сапаты текшерилет. Бул үчүн имараттан бетон же башка материалдар алып келинет. Курулушка керектүү каражаттардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүүнүн мындан башка да түрлөрү бар.

Жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча жана инженердик долбоорлоо институту жеке жактардын өзүлөрүнүн кайрылуусу менен гана текшерүү жүргүзө алат. Үй, кеңсе ээлери же мамлекеттик мекеменин жетекчилери адатта имаратта көйгөй жаралып жатканда гана текшерип берүүнү өтүнүшөт.

Сейсмикалык коопсуздуктан улам советтик доордо Бишкекте 18 кабаттан бийик жай салууга болбойт деген түшүнүк калыптанып калган. Учурда борбор калаада эң жогору 24 кабат имарат бар. Долбоорлоо институттары андан да бийик курулуштарды салууга кызыккандар бар экенин билдирип жатышат. 



Бишкек негизинен үч сейсмикалык аймакка бөлүнөт. Түндүк тарабында же Чоң Чүй каналынан ары 4 кабаттан жогору имарат салууга жол берилбейт. Шаар бийлиги эң коопсуз деп калаанын борбордук бөлүгүн белгилеп жатат. Түштүк жагында болсо жалпысынан курулуштун тиешелүү талаптары сакталса бийик имараттарды салууга болоорун билдирүүдө. Бир гана 19-кылымдагы зилзалада пайда болгон “Ысык-Ата жер жаракасына” чектешкен Бишкекке жакын аймак кооптуу.