Жаңылыктар
Стамбулда аэропортко конуп жаткан учак кырсыкка учурады
Дүйнө
Стамбулда аэропортко конуп жаткан учак кырсыкка учурады

Түркиянын “Сабиха Гөкчен” аэропортуна конуп жаткан учак кырсыкка кабылды. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазды. Маалыматка ылайык, учак учуп-конуу тилкесинен чыгып кеткен. 

Кырсыкка кабылган учурда ал үчкө бөлүнүп кеткен жана 150 адам ар кандай жаракат алган. Түркиянын транспорт министри Мехмет Жахит Турхандын айтымында, учакта 177 жүргүнчү болгон. 

Бир адам каза болгон. Маалым болгондой, "Pegasus Airlines" компаниясына таандык учак ички каттамды аткарып, Измирден Стамбул шаарына учуп келе жаткан.