Жаңылыктар
Түркиянын Ван провинциясында кар көчкү түшүп, 38 адамдын өмүрүн алды
Дүйнө
Түркиянын Ван провинциясында кар көчкү түшүп,  38 адамдын өмүрүн алды

Түркиянын чыгышындагы Ван провинциясында кар көчкү түшүп, кеминде 38 адамдын өмүрүн алып, 50 адам жарадар болгон. Мындан сырткары, кар алдында дагы адамдар болушу мүмкүн. Азырынча канча адам бар экени тактала элек. 

Кырсык кечээ өлкөнүн Иран менен чектешкен Ван провинциясынын Бахчесарай шаарына жакын жердеги жолдо болгон. Ал учурда куткаруучулар шейшемби күнү көчкүдөн дайынсыз жоголгон эки адамды издеп жатышкан. 

Андагы кырсыктан беш адам каза тапкан. Учурда кырсык болгон жерде кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан, издөө иштери кыйынчылык жаратууда, - деп айтылат маалыматта.