Жаңылыктар
Улуу Британия 2035-жылга чейин толугу менен электр унаасына өтөт
Дүйнө
Улуу Британия 2035-жылга чейин толугу менен электр унаасына өтөт

Улуу Британиянын өкмөтү 2035-жылга чейин дизель отуну жана бензин менен жүргөн унаалардан арылат. Өлкө толугу менен электр унаасына өтөт. Бул тууралуу дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазды. Маалым болгондой, өкмөт буга чейин мындай чара 2040-жылы киргизилет деп пландаган. 

Дизель жана бензин менен жүрүүчү унааларга тыюу салынарын премьер-министр Борис Жонсон тастыктада. Бул тыюу салуу тууралуу маселе 2017-жылы коомчулукка жарыяланган. 

Эми ага гибриддик унаалар кошулду. Кошумчалай кетсек, Улуу Британиянын унаа өндүрүшүндө соода бирикмесинин маалыматы боюнча 2019-жылы 38 миңге чукул электр унаасы сатылган. Бул жалпы сатылган унаалардын 1,6 пайызын түзөт. Бирок өткөн жылдарга салыштырмалуу сандар өсүүдө.