Жаңылыктар
Президент Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушту
Саясат
Президент Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусуна жумуш сапарынын алкагында Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрүүдө. Мамлекет башчы райондун жашоочуларына мамлекеттик саясаттын негизги багыттары, 2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыктын максаттары жана милдеттери жөнүндө айтып берди. 


Региондорду өнүктүрүү мамлекеттик саясаты ички миграцияны кыскартууга, жер-жерлерде ишкердикти колдоого, экспорттук дараметти жогорулатып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталганын баса белгиледи. 

Сооронбай Жээнбеков жагымдуу инвестициялык климат түзүү менен бизнести, айыл чарба кооперативдери, соода-логистикалык борборлору, машина-трактордук станциялары үчүн салык жагынан колдоо боюнча абдан көп иштер аткарылганына токтолду. 

Ошондой эле кээ бир калкка кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдарды автоматташтыруу, бажы жана салык органдарынын ишин санариптештирүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, курулуш жана ветеринардык-фитосанитардык лабораторияларды өнүктүрүү механизмдери менен административдик жолтоолорду азайтуу багытында бир катар иштер аткарылганы тууралуу айтып берди. Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушуу «суроо-жооп» форматында уланууда.