Жаңылыктар
Стамбулда кырсыкка учураган учактын ичинде Кыргызстандын 2 жараны болгон
Кырсык
Стамбулда кырсыкка учураган учактын ичинде Кыргызстандын 2 жараны болгон

5-февралда "Pegasus Airlines" авиакомпаниясынын Стамбул аэропортунда кырсыкка учураган учактын ичинде Кыргызстандын 2 жараны болгон. Маалыматты Тышкы иштер министрлиги тастыктады. 

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунун кызматкерлери жабыркагандардан кабар алышты. Дарыгердин айтымында, алардын абалы туруктуу. 

Эл аралык маалымдоо каражаттары учакта жалпы 170тен ашуун киши болгонун, кырсыктан 3 адам мерт кеткенин жазышууда. Учак "Измир - Стамбул" каттамы боюнча учуп келе жаткан.