Жаңылыктар
Кесип үйрөткөн медреселердин саны көбөйөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кесип үйрөткөн медреселердин саны көбөйөт

Медреселерде окуган жаштарга кесип үйрөткөн социалдык долбоор ушул айдан тарта өлкө аймагындагы медреселерден сунуш, пикирлерди кабыл алып, жалпысынан 30дан ашык медреседе жаштарга кесип үйрөткөн окуу курстарын улантат. Өлкөнүн муфтияты менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия буга чейин иштеп келген долбоорду ийгиликтүү деп атап, улантууну чечкен. 

Себеби мурда медресени бүткөн жаштарга орто билим тууралуу аттестат берилбегендиктен алар жогорку окуу жайына өтөрдө же кандайдыр бир жумушка орношордо кыйынчылык жаралчу. Азыр болсо кесип үйрөнүп, сертификат алып чыккандан кийин жаштардын көпчүлүгү жумушка орношуп, үй-бүлөсүн бага турган каражат таап жатышат. 

Жаштардын террордук жана радикалдык топторго азгырылып кетүү тобокелчилиги да азайды. Долбоор жумушсуздукту жоюуга, аймактардын өнүгүшүнө дагы абдан чоң салым кошууда деп билдирет муфтияттын өкүлдөрү. Жалпысынан мындай социалдык долбоорду ишке ашырууга АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 10 млн сомдон ашык гранттык каражатын сарптаган. 

Буга чейин жети облустун аймагынан 28 медресе тандалып алынып, коомчулукта суроо-талапка ээ болгон тогуз кесип боюнча жаштарга кесип үйрөтүп, сертификаттарды берип келген. Натыйжада кыска мөөнөткө ылайыкташкан курстарды бүтүрүп чыккан 1800гө жакын уландар менен кыздардын 65% пайызы жумуш менен камсыз болгон. Кыска мөөнөттүү курстардын алкагында “тикмечи”, “ашпозчу-кондитер”, “электрик”, “ширетүүчү”, “бухгалтер”, “бал челекчи” сыяктуу тейлөө тармагында актуалдуу болгон тогуз кесип үйрөтүлүүдө.