Жаңылыктар
Түркияда жаңы өкмөт курамы түзүлөт
Дүйнө
Түркияда жаңы өкмөт курамы түзүлөт

Түркиянын жаңы премьер-министри болуп Биналы Йылдырым дайындалды. Ал буга чейин Унаа жана деңиз иштери боюнча министр болуп эмгектенген. Президент Режеп Тайып Эрдоган парламенттеги башкаруучу АК партиянын лидери болуп жаңыдан шайланган Биналы Йылдырымга өкмөттү түзүүнү тапшырды. 

Жекшембиде өткөн АК партиянын курултайында Йылдырым лидер болуп шайланган болчу. 60 жаштагы Йылдырым президент Режеп Тайып Эрдоган менен бирге 2001-жылы АК партиянын негиздөөчүлөрүнүн катарында турган. 

Май айынын башында Түркиянын буга чейинки өкмөт башчысы Ахмед Давутоглу Ак партиянын лидерлигине талапкерлигин коюудан баш тарткан. Маалыматтар боюнча, Давутоглу президент Эрдоган менен болгон пикир келишпестиктен улам, кызматтан кеткен.