Жаңылыктар
Президент Ысык-Ата эли менен жолугушту
Аймак
Президент Ысык-Ата эли менен жолугушту

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна жумуш сапары менен барган Президент Сооронбай Жээнбеков район эли менен жолугушуп элдин көйгөйүн укту. Жолугушуу үч сааттан ашык созулуп, ачык баарлашууда бир катар маселелер ортого салынды. 

Мамлекет башчы Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында ишкерчилик, каржы саясаты, санариптештирүү, соттук-укуктук реформа, “Коопсуз шаар”, ирригация жана таза суу менен камсыздоо өңдүү бир катар долбоорлор ийгиликтүү ишке ашып жатканын белгиледи. 

Ошол эле учурда быйылкы Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында аткарыла турган иштерден да маалымат берди.