Жаңылыктар
Салыкчыларга талап коюлду
Экономика
Салыкчыларга талап коюлду

Былтыр жалпы өлкө боюнча 84 миллиард сом салык чогултулган. Өкмөт башчысы бул көрсөткүч аз экенин айтып, көмүскө иштеп жаткан ишканаларды ачыкка чыгаруу керектегин белгиледи. 

Премьер-министр кирешесин жашырбай, салыкты жетиштүү төлөп жаткан компанияларды кайталап текшерүүнүн зарылчылыгы жоктугун да эскертти. Мамлекеттик салык кызматынын 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйынында бир катар салыкчыларды иштен бошотуу да тапшырылды.