Жаңылыктар
Базар-Коргондо соода жайы өрттөндү
Кырсык
Базар-Коргондо соода жайы өрттөндү

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун борбордук базарынан өрт чыкты. Облустук өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча өрт кечээ түнкү он бирлер чамасында чыккан. Жалал-Абад шаарынын жана Ноокен райондук өрткө каршы күрөшүү кызматтары жалынды өчүрүү үчүн болгон күч аракетин жумшаган.

Алдын ала маалыматтар боюнча базардын 70% күйүп кеткен. Базарда 500дөн ашык адам кийим-кечек жана турмуш-тиричилик буюмдарын сатып эмгектенип келишкен.