Ош облусунун айрым райондорунда республикалык салыктын планы толбой калган. Дубанда билим берүүнүн деңгээли төмөн көрсөткүчтү берип, бала-бакчаларда санариптештирүү иши солгун жүргөн.
Бул маалыматтар жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтылды. Ош шаары менен Ош облусунун 2019-жылдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн талкуулаган жыйынга Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков катышты.