Жаңылыктар
Айдоочуларды алдап, күйүүчү майды кем куйган жайлар аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Айдоочуларды алдап, күйүүчү майды кем куйган жайлар аныкталды

Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагындагы ондон ашык ар түрдүү компаниянын бирден май куюучу жайында бензинди жеткирбей куйуу боюнча текшерүү жүргөн. Анын негизинде АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 10 литринен 50 граммдан жарым литрге чейин кем куйган учурлар аныкталган. 

Арасында талапка жооп бергендери, ал тургай ашыгы менен куйган учурлар да болгонун Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматы менен Бишкектеги текшерип көрүү, метрология жана сертификациялоо борборунун кызматкерлери жүргүзгөн текшерүүдө аныкталган.

Мыйзам бузган май куйуучу жайлардын келтирилген чыгымы салык кызматы тарабынан эсептелип жатат. Аяктаган соң, аларга карата чара көрүлөт деди финансы полициясынан. 

Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"