Жаңылыктар
Өткөн жылы бюджетке салыктык эмес төлөмдөрдөн 715 миллион сом түшкөн
Экономика
Өткөн жылы бюджетке салыктык эмес төлөмдөрдөн 715 миллион сом түшкөн

Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик бюджетке салыктык эмес төлөмдөрдөн 715 миллион сом түшкөн. Мындай көрсөткүч Жогорку Кеңештин жыйынында, салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын натыйжалуулугун арттыруу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорун талкуулоодо келтирилди. 

Айрым эл өкүлдөрү салыктык эмес төлөмдөр толук чогултулбай жатканын айтып, мындай көрүнүштөр эң көп киреше бере турган көңүл ачуучу жайларда жана жайыттарды пайдалануу жаатында айкын көрүнүп жатканын белгилешет.

Жыйынтыгында өлкө бюджетине бир топ киреше алып келүүгө шарт түзө турган мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"