Жаңылыктар
Билим берүүнүн жаңы багыттары иштелип чыгышы кажет
Билим
Билим берүүнүн жаңы багыттары иштелип чыгышы кажет

Билим берүүнүн жаңы багыттары белгиленүүгө тийиш. Бул тууралу уюштурулган “Cоциалдык биримдик жана тынчтык үчүн билим берүү” аттуу Улуттук Конференциянын жүрүшүндө белгиленди. Анда учурдагы социалдык абал билим берүү тармагына кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизип жаткан маселелер талкууга алынды.

Аталган иш чарага билим берүү жана илим министрлигинин, Бириккен Улуттар Уюмунун "Балдар" фондунун, “Роза Отунбаеванын демилгелери” Эл аралык фондунун жана "Ага Хан Фондунун" өкүлдөрү катышты. 

КадырКалилов, "Биринчи радио"