Жаңылыктар
Борбор калаадагы "Ош" базарынан өрт чыкты
Өзгөчө кырдаал
Борбор калаадагы "Ош" базарынан өрт чыкты

Бүгүн, 7-февралда борбор калаадагы "Ош" базардын аймагында таңкы саат 5:30дарда өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. 

Өрт боюнча маалымат  аталган кызматка таңкы саат 6ларга чамалап калганда түшкөн. Тез арада куткаруу кызматы тартылып, өрт саат 9да толугу менен өчүрүлгөн. Жабыр тарткандар жок.

Эске алсак, буга чейин дагы "Ош" базарынын айланасында бир нече өрт кырсыктары катталып, ондогон соодагерлер жабыр тартышкан.