Жаңылыктар
Кыргыз каскадёрлору катышкан "Мулан" тасмасынын трейлери чыкты
Маданият
Кыргыз каскадёрлору катышкан "Мулан" тасмасынын трейлери чыкты

Disney кинокомпаниясы күтүлүп жаткан “Мулан” тасмасынын расмий үзүндүсү жарыялады. Анда кытай императору гунн баскынчыларына каршы аскерге ар бир үйдөн бирден эркек чакыруу буйругун чыгарат. Муландын үй-бүлөсүндө оорукчан атасынан башка эркек жок болгондуктан, ал эркек кийимин кийип, аскерге аттанат. 

Тасмада кыргызстандык жаш актерлор Эрлан Жанышбек уулу, Мурат Бурханов, Дамир Ашимов жана Нургазы Мамаражап уулу ойношкон. Алар кыргыз-казак эли биргелешип уюштурган "Nomad Stunts" каскадерлор тобунун мүчөлөрү. 

Жаңы Зеландиялык кинорежиссер Ники Каронун тасмасында башкы ролду кытайлык актриса Лю Ифэй жаратты. “Мулан” фильминин бет ачары ушул жылдын 26-мартына белгиленген.