Жаңылыктар
Индонезияда билим алууну каалаган кыргызстандыктар акысыз окуса болот
Билим
 Индонезияда билим алууну каалаган кыргызстандыктар акысыз окуса болот

Индонезиянын Тышкы иштер министрлиги искусство жана маданият тармагы боюнча билим алууну каалаган кыргызстандыктар үчүн стипендиялык программасын жарыялады. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, окутуу 2-майдан 15-августка чейин Индонезиянын Бали, Батыш Суматра, Чыгыш Калимантан, Батыш Ява, Түштүк Сулавеси жана Жокьякарта провинцияларында жайгашкан искусство жана маданият борборлорунда өтөт. Стипендианттар бир жума жашагандан кийин алардын кызыгуусуна жараша арт-борборлорго бөлүштүрүлөт. 

Борборлор Индонезия маданияты жана искусствосу менен тааныштырат. Ошондой эле, айрым курстар айырмаланат. Мисалы, Батыш Явада салттуу гүлдүү кездеме даярдоо жараянын жана Ява бийин үйрөнүшөт. 

Балиде болсо - Бали бийи жана гамелан улуттук оркестри боюнча билим алышат. Окутуу акысыз, эки тарапка авиабилет, жатакана, тамак-аш жана башка чыгымдар Индонезия бийлиги тарабынан төлөнөт. 

Мындан сырткары, ай сайын 2 млн рупий стипендия берилет. Катышуучулар керектүү документтерди 12-февралга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине тапшырышы зарыл.