Жаңылыктар
Тажикстанда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жыйын өттү
Чек ара
 Тажикстанда кыргыз-тажик  чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жыйын өттү

Тажикстандын Исфара шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өттү. Өкмөттүк делегацияларды эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков жана Азим Иброхим жетектеди. 

Жыйын учурунда белгиленгендей, эки жактуу мамилелерди бекемдөө максатында республикалардын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин чечүүгө жалпы түшүнүү жана каалоо бар. 

Вице-премьер-министр жана кыргызстандык делегация чек ара маселелерин чечүү боюнча мындан аркы иштерди аткаруу үчүн Баткен облусунда жүрүшөт.