Жаңылыктар
Канн кинофестивалы жыйынтыкталды
Дүйнө
Канн кинофестивалы жыйынтыкталды

Францияда бир нече күндөн бери өтүп жаткан Канн кинофестивалы жыйынтыкталды. Анда калыстар тобунун чечими менен фестивалдын баш байгеси болгон “Алтын пальма” сыйлыгына британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен, Дэниэл Блейк” аттуу тасмасы ээ болду. 

Быйыл калыстар тобуна австралиялык режиссер Жорж Миллер төрагалык кылды. Андан сырткары, америкалык актриса Кирстен Данст жана анын Франциялык коллегасы Ванесса Паради, кинорежиссер Арно Деплешен, Италиялык актриса жана кинопродюсер Валерия Голино, Мадс Миккельсен, Ласло Немеш, Ирандык продюсер Катаюн Шахаби жана Дональд Сазерленд болду. Белгилей кетсек, быйыл баш байге “Алтын пальма” сыйлыгы үчүн 21 тасма ат салышкан.