Жаңылыктар
Ат-Башы районунун тургундары "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын иши менен таанышты
Экономика
Ат-Башы районунун тургундары "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын иши менен таанышты

Ат-Башы районунун тургундары "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын иши менен таанышты. Анткени райондо курула турган индустриалдык-соода-логистикалык борбор дал ушул эркин экономикалык аймак сыяктуу иш алып барат.


Азыр экономикалык аймакта үч миңден ашык киши иштейт. Өлкө казынасына жылына 750 млн сомдон ашык акча түшүп турат. Экономисттердин айтымында, Ат-Башыда курула турган логистикалык борбор мына ушул "Бишкек" эркин экономикалык аймагы сындуу ири салык төлөөчү, жумуш орундар менен камсыз кылуучу чоң кубаттуу субъект болот.


“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын жалпы аянты 346 гектарды түзөт. Анда 300дөн ашык завод-фабрика иштеп жатат. Текстилден тарта курулуш материалдарын чыгарган чоң ишканаларга чейин бар. Албеттте, өндүрүш өрүш алган аймакта иш орундар дагы түзүлбөй койбойт.

Азыр союз доорундагыдай болуп, завод-фабрикалардан кара түтүн чыкпайт. Жаңы технология менен салынгандыктан, саркынды суу дагы болбойт. Мамлекеттик органдар жылына экологиялык талаптардын сакталышы боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп турат.

Бул “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын иши менен Ат-Башы районунун тургундары таанышты. Себеби районго курулуучу индустриалдык-соода-логистикалык борбор ушул эркин экономикалык аймак сыяктуу иштемекчи.

“Бишкек” эркин экономикалык аймактын иши менен таанышкан ат-башылыктар жалпы эле өндүрүштүн экономикага тийгизген таасири тууралуу маалымат алышып, эркин экономикалык аймакты көрүү менен Ат-Башыда курула турган логистикалык борбордун кандай багытта иштей турганынан кабардар болушту. Зкт: Бул “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын иши менен Ат-Башы районунун тургундары таанышты. Себеби районго курулуучу индустриалдык-соода-логистикалык борбор ушул эркин экономикалык аймак сыяктуу иштемекчи.