Жаңылыктар
М.Абылгазиев: "Логистикалык борбор элдин кызыкчылыгы үчүн гана иштейт"
Экономика
М.Абылгазиев: "Логистикалык борбор элдин кызыкчылыгы үчүн гана иштейт"

Коллегияда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ат-Башыда курула турган индустриалдык-соода-логистикалык борбордун айланасындагы кырдаалга дагы токтолду. Өкмөт башчы бул долбоор Кыргызстандын жана элдин кызыкчылыгы үчүн гана иштерин билдирди. Долбоордун экономикалык гана эмес, социалдык дагы мааниси чоң. Ат-Башыга курула турган борбор тууралуу алдыдагы сюжетте сөз болот.

Борборго салынып жаткан акча карызга алынган жок. Ал тургай бюджеттен бир да тыйын кетпейт. Муну баса белгилеген өкмөт башчы биргелешкен долбоорлорду түзүп, инвестиция тартуу менен гана өлкөнүн келечегине ишенимдүү чыйыр сала алабыз, - деди. Бирок эртеңки жаркын келечекти эмес, бүгүнкү кызыкчылыгын ойлогондор ар кандай күдүк кептерди таркатып, элди көкүтүүдө.


Индустриалдык-соода-логистикалык борбор үчүн берилчү жер 200 гектарды түзөт. Айрымдар жайыт жердин аймагы тебеленет деп жатышат. Бирок адистер ал жердин кунардуулугу төмөн экенин айтышат.

Мындан улам малчылар бул аймакты жайыт катары эмес, 10-15 күндүк конуш катары эле колдончу. Арпа демекчи, айрымдар борбор курулса малчылар алыскы жайлоого каттай албай калат деген жомокту айтып, элди дүрбөтүүдө.

Премьер-министрдин айтымында, Ат-Башыдагы жумушсуздардын саны 800гө жакын. Бирок бул расмий катталган гана маалымат. Азыр логистикалык борбордо иштөөгө умтулуп, каттоого тургандардын саны 1 жарым миңге чукулдап калды. Жумушка орношуп акча тапсам дегендер пенсия курагындагылардан тарта, жаштарга чейин келип, катталып кетүүдө. Негизинен айдоочу, куруучу, ширетүүчү болуп иштейм дегендер арбын.