Жаңылыктар
Ботулизмден сактангыла
Ден соолук
Ботулизмден сактангыла

 Жаңырган жылдын алгачкы күндөрүндө тамакка ууланган беш бейтап учурда Нарын облустук ооруканасында дарыланып жатат . Дарыгерлердин айтымында, кырдаал акырындык менен жакшы жагына өзгөрүүдө. Бирок эки адамдын өмүрү дале коркунучта.


Ал эми өткөн жылы өлкөдө ботулизмдин 35 учуру катталган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча ботулизмге кабылгандардын 25 пайызы өлүмгө дуушар болот. 

Аны убагында дарылабаса, инсультка алып келээрин эскерткен адистер оорунун белгилери байкалаар замат дарыгерге кайрылууну эскертет.  Дегеле ботулизм - кандай оору, кантип алдын алса болот?