Жаңылыктар
"Ош" базарында катталган өрттүн чыгымдары эсептелүүдө
Кырсык
"Ош" базарында катталган өрттүн чыгымдары эсептелүүдө

Таңга маал болгон кырсыкта бир нече соода жайы толугу менен күйүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги электр жабдууларын этият колдонууга чакырат. Бул айрыкча кыш мезгилине мүнөздүү көрүнүш.



Өрт көпчүлүк уйкуда жатканда башталгандыктан, аны окуянын күбөлөрү кеч байкашкан. Өрт өчүрүүчүлөр тез жетип келгенине карабай, соода жайы бат эле күйүп кеткен. Тилсиз жоо үч саатта гана толук өчүрүлүп, жанаша жайгашкан күркө, орундуктарга жайылышына жол берилген эмес.

Өрт кырсыктары былтыр мурдагы жылга салыштырмалуу азайган. Бирок маселе дагы деле олуттуу бойдон калууда. Айрыкча кыш мезгилинде көйгөй көп жаралат. Бул жылытуучу каражаттарды этиятсыз пайдаланууга байланыштуу.


Курулуш жүргүзүүдө өрт коопсуздугуна байланыштуу талап бар. Былтыр бул эрежени сактабагандарга 4 миллион сомго жакын айып пул салынган.
Былтыр өрт кырсыктарынын жарымынан көбү турак жайларды зыянга учураткан. Ал эми эң көп катталган аймак Чүй облусу.