Жаңылыктар
Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Эльмира Сулайманова ээлеген кызматынан бошотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Эльмира Сулайманова ээлеген кызматынан бошотулду

Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Эльмира Сулайманова ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. 


Президент Кыргызстандын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын судьяны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартип жазасын колдонуу тууралуу сунушун карап чыккан. Судья Эльмира Сулаймановага карата тартиптик өндүрүштү козгоого Жогорку соттун тартиптик чара колдонуу тууралуу сунушу негиз болгон. 


Анда Сулайманова "КРнын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын жана КРнын Судьясынын абийир кодексинин талаптарын сактабастан, мас абалында унаа башкарып бара жатып, жол-транспорт кырсыгын жасагандыгы, бул факт тиешелүү мамлекеттик органдардын протоколдору менен тастыкталгандыгы белгиленген. 


Жогорку соттун сунушун кароонун жыйынтыгы менен Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Эльмира Сулаймановага карата судьялык кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартиптик чарасын колдонуу чечимин чыгарган.