Жаңылыктар
Токмок шаардык ооруканасына 18 киши медициналык жардам алуу үчүн кайрылды
Кыргызстан жаңылыктары
Токмок шаардык ооруканасына  18 киши медициналык жардам алуу үчүн кайрылды

Токмок шаардык ооруканасына денесинен ар кандай жарат алган 18 киши медициналык жардам алуу үчүн кайрылды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бейтаптардын 17си Казакстандын, бири Кыргызстандын жараны. Алар 7-февралдын кечинде Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Масанчи жана Сарытөбе айылдарында жергиликтүү тургундар арасында чыккан чырдын кесепетинен жабыркаган. 

Кайрылгандардын сегизине тиешелүү медицианык жардамдар көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жиберилди. Калгандары ооруканада дарыланууда. Казакстанда орун алган башаламандык боюнча коңшу мамлекеттин президенти Касым-Жомарт Токаев билдирүү таратып, анда каза болгондор дагы бар экени айтылат. 

Казак президенти каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, учурда аймактагы абал полиция жана Улуттук Гвардиянын көзөмөлүндө экенин билдирген. Токаевдин буйругу боюнча жаңжалдын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү.