Жаңылыктар
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облусунун тургундары менен жолукту
Чек ара
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облусунун тургундары менен жолукту

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана топографиялык топтун мүчөлөрү Баткен облусунун чектеш айылдарынын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүүдө

Топтун мүчөлөрү Баткен районунун Самаркендек айыл аймагынын Тескей аймагында, Чек-Дөбө, Терекзар аймактарынын тургундары менен жолугушту. Анда тургундарга өкмөт тарабынан Тажикстан менен мамлекеттик чек араларды делимитациялоо боюнча жүрүп жаткан иштер, тажик делегациясы менен эки тараптуу жолугушуунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу айтып беришти. Ошондой эле жергиликтүүлөргө чек ара маселесин Кыргызстан жана Тажикстандын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуунун эсебинен чечүүгө болору айтылды. Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундардын сунуштары угулуп, Тажикстан менен жер алмашуунун мүмкүн болгон варианттары талкууланды.