Жаңылыктар
Транспорт жана жолдор министринин орун басары пара берип жаткан учурунда кармалды
Коррупция
Транспорт жана жолдор министринин орун басары пара берип жаткан учурунда кармалды

 Транспорт жана жолдор министринин орун басары жана Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин башчысы пара берүү фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-февраль күнү аталган комитеттин Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан Транспорт жана жолдор министринин орун басары 10 миң доллар пара берип жаткан учурда кармалган. Ал Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери сотко чейинки өндүрүш ишинде фигурант болгон Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин кызматкерлеринин кылмыш ишин токтотуу максатында пара берген.

Ошол эле күнү, Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин башчысы пара берүүгө катыштыгы бар экендиги аныкталып, кармалды.Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш кодексинин "Пара берүү" беренси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына камакка алынган.Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.