Жаңылыктар
Өнүгүүнүн өзөгү аймактарда
Кыргызстан жаңылыктары
Өнүгүүнүн өзөгү аймактарда

Айтылуу Теңир-Тоонун Ат-Башы районундагы бул фермер чарбада эт багытындагы абердин-ангус тукумундагы уйлар багылууда. Сиздер көрүп турган бул торпок бир жарым жашта. Азыркы салмагы эле 735 килограммга жетти. Көлөмүнө карап Тайсон деп атап коюшкан. Чарбадагы уйлардын ар биринин кулагына бирка басылып, тиешелүү вакцинациядан өтүшкөн.

Бул жерде багылган 2-3 жаштагы уйлар 700 кгдан 1 тоннага чейинки салмакка жетишет. Фермада учурда 30 баш уй бар. Ар бири 150 миң сомдон 250 миң сомго чейин сатылып алынган. Ишкер уйларды сатып алуу үчүн Айыл банктан жылдык 10 пайыз менен 5 жылдык мөөнөткө 4 жарым млн сомду насыяга алган. Каржы мекемеси бул өңдүү чарбалар үчүн атайын асыл тукум малды көбөйтүүгө багытталган программа иштеп чыккан. Эң негизгиси күрөө талап кылынбайт.

Финансы мекемеси аймактардагы долбоорлорду каржылоодо артыкчылыктуу багыт катары мал чарбачылыгын өнүктүрүүнү аныктаган. Анын ичинде асыл тукум ири мүйүздүү жандыктарды көбөйтүүгө колдоо көрсөтүүдө. Андан тышкары сүт жана сүт азыктарын, эт жана эт азыктарын өндүрүүгө каржылоо жүрүп жатат. Мунун менен катар ишке ашып жаткан башка долбоорлор да бар. Мисалы, 1900 жаран банктын колдоосу менен турак жайлуу болду. Айыл Банк Мамлекеттик ипотека үчүн 1 жарым миллиарддан ашык акча сарптады. 250 млн сомдон ашык каражат аймактарды өнүктүрүүгө багытталды.

Каржы институту жеңилдетилген насыя саясатын жүргүзүүдө. Каржылоонун эң төмөнкү пайызы жылдык 6 проценттен башталат. Берилген насыялардын кайтарымдуулугу да жогору болууда. Айыл жергесинде насыя берүүнү кеңейтүү үчүн кошумча булактарды издөөнү жана экспортко багытталган же импортту алмаштыра ала турган долбоорлорду табууну улантып жатат.

Аймактарды каржылоодо негизги булактардын бири бул РСК банк. Калкты арзан пайыздык өлчөмдө берилген насыя менен камсыз кылуу, айрыкча айыл чарба тармагын колдоо финансы мекемесинин ишмердигинин негизин түзөт. Банк былтыр дээрлик 8 жарым млрд сомго 10 миңден ашык насыя берип, анын теңинен көбү аймактагы долбоорлорго жумшалган. Мекеменин колдоосу менен жер-жерлерде ири өндүрүш ишканалары ачылууда. Банк кайра иштетүүгө жылдык 6 пайыз менен, багбанчылыкка 8, мал чарбачылыгына 10 пайыз менен каржылык колдоо көрсөтүүдө. Мындан тышкары Өнүгүү, Келишим, Ишкер айым, Аймак, Колдоо деген атайын насыялык программалар иштейт. Бул жылга карата Ылдам, Чарба, Багыт деген жаңы каржылоо программалары иштелип чыкты. Бардыгы экспортко жана кайра иштетүү тармагындагы ишканаларга колдоо көрсөтүүгө арналган.

Жогоруда аталган 2 банк тең 100 пайыз мамлекеттин карамагында. Каржы саясатын жүргүзүүдө каржы мекемелери локомотив десек болот. Аймактарды жана айыл чарбасын каржылоодо негизги булак. Аны менен бирге насыя берүүдөгү пайыздык атаандаштыкты жаратууда бул 2 банктын өзгөчө орду бар. Мурдагыдай жогорку пайыз менен насыя берген банктар азыр жокко эсе. Болсо да кардары азайды. Мурдагыдай алган насыясын төлөй албай калып, үй мүлкүн алдыргандар саналуу гана. Бир кезде банк каржылоочу эмес тоноочу мекемеге айланган. Насыя базарындагы мындай башаламандыкты мамлекет ушул 2 банк аркылуу жөнгө салды.

Аймактарды өнүктүрүү үчүн каржы мекемелеринин каржылоосун көбөйтүү бул жылда уланат. Облустарда насыялардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуунун маанисине, алыскы жана чек арага жакын долбоорлорду каржылоону күчөтүү зарылдыгына көңүл буруп, банк кызматтарын санариптештирүү боюнча иштерди улантуу милдети коюлган.