Талас облусунун Калба айылына караштуу жаңы конуштун тургуну Гүлбара Субанованын үй-бүлөсү үй тиричилиги үчүн сууну кенен пайдаланып калганына аз эле болду. Калба айылына караган жаңы конушта таза суу көйгөйү сегиз жылга чукул жергиликтүүлөрдү жакшы эле кыйнаган. Мында эки жаңы конуш бар. Жергиликтүүлөр сууну бир чакырым жерден ташып ичип келген. Эми минтип короолоруна чейин суу келгенине кубанып отурашат.
356 түтүн эл жашаган айылда таза суу тутуму толук оңдолуп, иштеп жатканына эки жыл болду. Суу Калба өзөнүнөн тартылган. Андыктан айылдын башы менен этегине түптөлгөн жаңы конуштарды да таза суу менен камсыздоо аракети, аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында колго алынып, жаңы жыл алды элге суу келди.
Быйыл Талас өрөөнүндөгү бул айыл сыяктуу өлкөнүн 100дөн ашык айылы ичүүчү таза суу менен камсыз болуп, элеттеги элдин турмушу жакшыра түштү. Аймактарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Ага ылайык таза суу системалары эскирген же таза суу тартылбаган айылдардын тизмеси түзүлүп, аймактарда соңку үч жылдан бери ичүүчү суу менен камсыздоо жумуштары ыкчам жүрүп жатат.
Былтыр 40га жакын айылда таза суу чыгарылса, быйыл дагы 80ге жакын айылдын эли ичүүчү сууга жетет. Таза сууну тартуу долбоорлору республикалык бюджет менен бирге эл аралык донорлор тарабынан каржыланууда. Буга байланыштуу Президент Улуттук суу стратегиясын иштеп чыгуу зарылдыгына токтолуп, 2023-жылдын аягына чейин пландалган суу менен камсыздоо объекттерин толук бүтүрүү үчүн кошумча ресурстарды тартуу боюнча донордук уюмдар менен кызматташууну күчөтүү керектигин баса белгиледи.
Алыскы Баткен облусунун Баткен районунда 1000 гектар жаңы жерди өздөштүрүү үчүн канал кеңейтилүүдө. Канал кууш болгондуктан суу кенен жетпейт. Курулуш иштери кышка карабай кызуу жүрүүдө. Жалпы узундугу 46 чакырымды түзгөн каналдын курулушу келерки жылы толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилсе суу жетпеген жаңы жерлер өздөштүрүлөт. Дара жана Кара-Бак айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы айдоо жерлерге да суу кенен жетет. Бул каналды куруу үчүн 100гө жакын жергиликтүү тургун жумушка тартылган.
Өлкөдө таза суу менен сугат суу өксүгүн чечүү Аймактарды өнүктүрүүнүн маңызын түзөт. Анын үстүнө калктын 70%ы элет жергесинде жашагандыктан жер менен жан багат. Албетте суу көп болсо түшүм да мол болот. Ошол эле учурда Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан, ирригация жана таза суу менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурулууда. Мындан улам өлкөдө сугат суу көйгөйүн чечүүгө кадам ташталып, 2026-жылга чейин ирригацияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа кабыл алынган.
Ага ылайык жыл сайын жаңы сугат жерлери өздөштүрүлүүдө. Мамлекеттик программага канал, суу сактагыч, бассейндер, суу топтоочу жайларды куруу камтылган. Муну менен катар ирригация мезгилинде иштөөчү ГЭСтер салынат. Мамлекеттик программанын биринчи баскычынын мөөнөтү 2024-жылга чейин эсептелген жана ага 31 ирригациялык объектини куруп, пайдаланууга берүү камтылган. Бул иштер баскыч-баскыч менен ишке ашырылып жатат.
Өткөн жылы эки миң гектардан ашык кайрак жер өздөштүрүлгөн болсо быйыл да эки миңге жакын жаңы сугат жер пайда болот. Учурда он төрт объектиде курулуш жумуштары жүрүп жатса, 22 ирригациялык объектинин долбоордук-сметалык документтери даяр болду. 2023-жылга чейин ишке аша турган дагы бир ири долбоорлордун бири Баткен облусунун Лейлек районундагы «Максат» дюкерин ирригациялык объектиси. Үч баскыч менен курула турган объект пайдаланууга берилсе чек ара чектеш аймакта 1800 гектар жаңы сугат жери өздөштүрүлөт жана насостук станциялардан өз алдынча сугарууга 3000 гектардай жер которулат.
Демек мамлекеттик программа жүзөгө ашса дароо бир эле учурда бир топ маселелер жолго коюлат. Эң башкысы чек арага чектеш аймактардын чек ара, миграцияны токтотуу сыяктуу бир катар социалдык көйгөйлөр чечилет жана кооперативдер жанданып азык-түлүк коопсуздугу камсыздалат. Миңдеген жумуш орундары түзүлүп, бюджетке да каражат түшөт.
Мамлекеттик программага камтылган ирригациялык объектилердин курулушу толук аяктап пайдаланууга берилсе өлкөдө сугат суу тартыштыгы да чечилет. Айыл чарбасындагы талаачылык жана мал чарбачылык багытында да маселелери жоюлат.