Курула турган логистикалык борборго биринчилерден болуп Улан Оторалиев башкы инженердин жардамчысы катары ишке орношту. Маектешкен учурда эле анын кесипкөйлүгү эске алынды. Андан кийин тизмеге илингендер кесиптик жактан тажрыйбасын байыта турган атайын даярдыктан өтүшөт. Өкмөт башчынын айтымында Ат-Башы районунда жумушсуз деп расмий катталгандардын саны 800гө жакын адам. Логистикалык борбор курулат дегенден бери эл арасы жанданып, иштейм деп арызын калтыргандар 1,5 миңге жакындады. Негизинен айдоочу, курулушчу, ширетүүчү болом дегендер.
Ат-Башыдагы логистикалык борбордун курулушуна байланыштуу кайчы пикирлер жаралды. Эгер долбоор ишке ашып кетсе өлкөдөгү транзиттик жана экспорттук потенциалды өнүктүрмөк. Товар ташып жеткирүү, аларды каттоо жаатында түйшү жеңилдемек. Эң башкысы алыстагы Ат-Башы району менен Нарын облусунун экономикалык жактан абалы жакшырышына шарт түзмөк. 15 миңге жакын эл жумуш орундары менен камсыз болмок деп айтылды. Бирок жергиликтүү эл ал жерди иштетүүнү кытай инвесторуна эмес өзүбүздүн эле ишкерлерге бербейби деп өкмөткө нааразы болууда. Бирок кышы катаал, тоолуу шарттагы аймакка дайыма эле иштейм деп инвестор келе бербейт.
Жергиликтүү тургундарды түйшөлткөн дагы бир маселе жаратылышка болгон мамиле. Ал жерде өндүрүш күчөп иштей баштаса аба бузулуп, жайыттарыбыз кошо кетпейби деп күмөн санап турушат. Бул маселе парламентте дагы көтөрүлдү.
Айрымдар логистикалык борбор курулса жайлоого барчу жолду тороп калат, кыйынчылык жаралат дешет. Аймактын жетекчилиги болсо курулуш иштери Бишкек-Нарын-Торугарт жолунан 500 метр алыстыкта куруларын айтып, эч кандай кыйынчылык жаралбайт деп бекемдешүүдө.
Чек арага жакын аймакта жашоонун да өзүнчө пайдалуу жагы бар. Ишти туура уюштурса жергиликтүү тургундар мындан бир топ пайда табышат. Өнүгүп, бутка турганга да чоң мүмкүнчүлүк. Инвесторго муктаж болуп турган Кыргызстан үчүн борбордун курулушу бир топ түйшүктү жеңилдетип, казынага түшчү каражатты көбөйтмөк. Өзгөчө азыр 53% дотацияда турган Ат-Башы районунун акбалы жакшырышына жол ачылат.
Долбоорду ишке ашырууга кытайлык ишкер кыргызстандык өнөктөшүнө таянып 280 млн доллар каражат салганы жатат. Бул каражат эч кандай карызга же насыяга алынчу каражат эмес, жеке ишкердин пайда көрсөм деп тобокелге салган өз акчасы. Биринчи кезекте инфраструктураны жакшыртып, иштегенге шарт түзөм. Эң биринчи шарт болсо иштешем деген ишкер өзү келет деп турат. Кыргыз өкмөтү болсо ал жерде өндүрүш ачып, өнүгөм деген ата мекендик ишкерлерге жол ачык экенин бир нече ирет айткан. Эгер өкмөт мыйзам жагын катуу бышыктап, ишти жөнгө салып кетсе Ат-Башы району гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн экономикалык көрсөткүчүн жакшырта турган кирешелүү долбоор болгону турат.