Жаңылыктар
Балыкчы шаарында кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча иш кагаздар электрондоштурулууда
Аймак
Балыкчы шаарында кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча иш кагаздар электрондоштурулууда

Балыкчы шаарында он алты миңден ашык кыймылсыз мүлк каттоодо турат. Санариптештирүү иштеринин алагында бул иш кагаздарынын он үч миңден ашыгы электрондук вариантка өткөрүлдү. Эми ар бир жаран өзүнө тийиштүү мүлктүн документтерин кайра каттоо жана башка маалымкаттарды тез убакытта, эч убарасыз бүтүрө алат. 

Калган үч миңге жакын мүлк документтерин жыл аягына чейин электрондоштуруу мерчемделүүдө. Белгилей кетсек, калкты тейлөөнү жакшыртуу үчүн бул кызматка заманбап компьютерлер алынган. Электрондоштуруу тутумуна киргизүүдө мурдагы кетирилген кемчиликтер чыгууда. Бул жагын адистер оңдоп, жакында боло турган эл каттоого ылайыкташтырып жатышат.

"Балыкчы шаардык мэриясы, башка кызматтар менен бирдикте санариптештирүү боюнча иш жүрүп жатат. Бул багытта Балыкчы шаарынын электрондук картасы түзүлдү. Бизде Балыкчыда жер талаштар көп болуп жатат. Ошолорду тактоодо көп иш жүрүп жатат. Аларды алдын алуу боюнча да иштер жүрүүдө. Мындан сырткары, архитектура, муниципалдык кызматтар менен да биргеликте иш жүрүүдө. Буга ылайык инвесторлорго да ылайыктуу шарт түзүү маселесин колго алуудабыз",- дейт Балыкчы шаардык Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Айбек Мукамбетов.