Жаңылыктар
Шайлоо - 2020: Москва шаарында БШКнын маалымат кампаниясы башталды
Мекендештер
Шайлоо - 2020: Москва шаарында БШКнын маалымат кампаниясы башталды

Быйыл өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо болот. Ага карата даярдыктар башталды. Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясы маалымат кампаниясын баштады. Москва шаарында БШКнын төрайымы, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басарлары жана башка бир катар мекемелердин өкүлдөрү мекендештер менен жолугушуу өткөдү. Нуржан Шайлдабекова “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу айтып берди.

Жогорку Кеңешке шайлоо октябрь айына белгиленген. Депутат болууну каалагандар үчүн, бул багытта тынымсыз аракеттенүү мезгили келгендей. Талдоочулар баамдагандай, бул ирет Россиядагы мекендештердин добушу үчүн, кызуу таймаш жүрөт.Россиянын Ички иштер министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, былтыр 1 миллион 55 миң кыргызстандык миграциялык каттоого турган. Алардын көпчүлүгү борбор шаарда жана Мосвка облусунда катталган. Өткөн жуманын аягында, БШКнын төрайымы баштаган делегация Москва шаарындагы мекендештер менен жыйын өткөрдү. Анда кызыктырган суроо, шайлоо участокторунун санына байланыштуу болду. Шайлоо жөнүндө мыйзамга көз жүгүртө турган болсок, чет жердеги шайлоо участактору бир гана элчиликтин аймагында, консулдук бөлүмдө жана мамлекеттик мекемелердин өкүлчүлүктөрүндө гана ачылат. Буга байланыштуу Москва шаарында 5 шайлоо участоктогун ачууга мүмкүн. Мекендештердин белгилөөсүндө, бир участок 2500 шайлоочуну тейлей турганын эске алганда, бул сан аздык кылат.

Эмгектенип жана окуп жүргөндөрдөн сырткары, Россия жарандыгын алгандар да аз эмес. Эгер алар кыргыз жарандыгынан президенттин жарлыгы менен ажыратылбаса, шайлоого катыша алат. Чет элдик шайлоо участокторунда, шайлоо тизмесине кирген гана жарандар добуш бере алат. Бул үчүн биометрикалык каттоодон өтүп, консулдук эсепте тургандар гана шайлоого укугу бар. Мындан сырткары №2 деп аталган арыз да бар. Белгилей кетсек, ал арызды берген жаран консулдук эсепке дароо алынат.

БШК бул процедуралардан өз убагында өтүп, мурдагы шайлоолордо болгон кемчиликтерге жол бербөөнү өтүнөт. Биометрикалык маалыматтарды тапшыруу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы Москва шаарына 7 аппарат алып келди. Анын төртөө Москвада колдонулса, калганы башка канцелярияларга жөнөтүлөт.