Жаңылыктар
Робот жасаган кыргызстандык балдар
Билим
Робот жасаган кыргызстандык балдар

Бишкекте роботтордун таймашы өттү. Жаш балдардын колунан жасалган техникалар күч сынашып, жеңүүчү командалар аныкталды. Өзгөчө турнирге катышуу үчүн, жүзгө жакын бала роботторун ала келишкен. Бул пульт менен башкарылган оюнчуктар эмес. Автоматтык техника өз алдынча иштеп, атаандашын чийинден чыгарууга аракет кылып жатат.

Роботторду жаш күйөрмандар сүрөөнгө алышты. Бул техникалар жеткинчектердин өзүлөрүнүн эмгектери. Батарея, кыймылдаткыч, түтүкчө, айтор, ар түрдүү нерселерден кураштырылган. Турнирге балдар көп убакыт даярдык көрүштү. Таймашка жалпысынан жыйырма команда же жүз бала катышты. Төрт саатка созулган күч сынашуулардын жыйынтыгы менен Ош шаарынан келген жеткинчектер жеңишке ээ болушту. Иш-чаранын уюштуруучулары роботторду же автоматташтырылган техникаларды жасап, аны колдонуу келечекте артыкчылык бериле турган бүтүндөй тармакка айланаарын белгилешет.

Робот жасоого кызыккан балдардын көп экени эске алынып, учурда атайын окуу курстары да уюштурулган. Анда кыска мөөнөттө билим алгандар, узак убакыттан бери окуп жаткандар да бар.