Ыкчам тергөө иштеринин көрсөткүчүнүн төмөндүгү жана начар жыйынтыктар үчүн тартип жоопкерчилигине Каржы полициясынын 64 кызматкеринин тартылды. Бул туурасында экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын коллегиясы маалымда белгилүү болду.
Анда 23 кызматкерге сөгүш, 8 кызматкерге катуу сөгүш жарыяланып, 3 адиске эскертүү берилди. Ал эми түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерине пункттардагы көзөмөлдү күчөтүү жана укук бузууларды аныктоону жакшыртуу тапшырылды.