Жаңылыктар
ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине 102 атамекендик ишкананын продукциялары кошулду
Экономика
ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине 102 атамекендик ишкананын продукциялары кошулду

102 атамекендик ишкана продукцияларын ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн аймагына сатууга мүмкүнчүлүк түзгөн ишканалардын реестрине кирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Бирдиктүү реестрге Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоосунун негизинде 37 аккредитацияланган сыноо лабораториясы да кирди. Анын 26сы мамлекеттик, 11 – жеке менчик лабораториялар. Евразия экономикалык бирлигинин кабыл алынган техникалык регламентинин 48и тастыктама боюнча лабораториялар жана органдар ЕАЭБдин 25 техникалык регламенти боюнча аккредитациядан өттү.

Мындан тышкары Бишкек жана Ош шаарларындагы 1 ветеринардык жана 1 фитосанитардык лаборатория аккредитацияланды.