Жаңылыктар
Аксы районундагы милиция кызматкерлеринин иштөөсүнө шарт түзүлүүдө
Аймак
Аксы районундагы милиция кызматкерлеринин иштөөсүнө шарт түзүлүүдө

Аксы райондук ички иштер бөлүмүндө кызматкерлердин иштөөсүнө шарт түзүлүүдө. Кароосуз бош турган 3 бөлмөлүү имарат капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Мында жоруктар менен иштөө тобунун инспекторлору жана тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери иштейт. Райондук ички иштер бөлүмүндө буга чейин бөлмөлөр тартыш болуп келген. Былтыр Кызыл-Жар жана Кара-Жыгач милиция бөлүмчөлөрүнүн имараттары дагы толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.

Имарат ремонт болуп бүттү. Керектүү эмеректер келсе, кызамткерлер бул жерге көчүрүлө. Эми тергөөчүлөр бир бөлмөгө 2-3 тыгылбай, кеңири иштеп калышат”,- деди Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Акылбек Иманкулов. 

“Биздин бөлүмчө дагы капиталдык ремонттон өттү. Кызматкерлердин иштөөсүнө жакшы шарт болуп калды. Буга чейин мындай эмес эле. Жада калса нөөмөт бөлүмүнүн терезелери начар болчу. Анын бардыгы алмашты",- деди Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн Кызыл-Жар бөлүмчөсүнүн башчысы Апсалбек Айтматов.