Жаңылыктар
Улуу Британия аймагын "Сиара" ураганы каптоо коркунучунда турат
Дүйнө
Улуу Британия аймагын "Сиара" ураганы каптоо коркунучунда турат

Улуу Британия аймагын "Сиара" ураганы каптоо коркунучунда турат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазды. Мындан улам поезддердин ички жана эл аралык каттамдары убактылуу токтотулду. Өлкөнүн бир катар аймактарында шамалдын ылдамдыгы саатына 150 чакырымга чейин жетип, суу ташкын коркунучу жаралууда. Ошондой эле, ураган Белгияга чейин жетиши мүмкүн. 

Учурда өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланды. Шаарларда бардык сейил-бактар жана айрым жолдор жабылды. Брюссель, Льеж жана Шарлеруа шаарларындагы аэропорттордо жүздөгөн каттамдарды токтотуу милдеттендирилди. Андан сырткары, "Сиара" ураганы Франция менен Нидерландыга да бет алышы мүмкүн деп айтылууда.