Жаңылыктар
Тышкы саясаттын 2020-жылга карата артыкчылыктуу багыттары талкууланды
Саясат
Тышкы саясаттын 2020-жылга карата артыкчылыктуу багыттары талкууланды

Бүгүн, Президент Сооронбай Жээнбеков Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстандын 2019-жылдагы тышкы саясаттагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, 2020-жылга карата артыкчылыктуу багыттары жана милдеттери талкууланды. 


Мамлекет башчысы атамекендик дипломатия тармагын жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу үчүн өлкөнүн өткөн жылдагы эл аралык күн тартибин толук талдап чыгуу зарылдыгын белгиледи. Сооронбай Жээнбеков 2020-жылга карата артыкчылык катары өлкөнүн тышкы саясатындагы негизги багыттарды ишке ашырууну, жакынкы өнөктөш-өлкөлөр жана алыскы чет мамлекеттер менен эки тараптуу мамилелерди түзүүнү жана бекемдөөнү атады. 

Тышкы иштер министри былтыр тышкы саясаттын күн тартиби абдан тыгыз болгондугун – бир катар ири эл аралык иш-чаралар ийгиликтүү өткөрүлгөнүн жана өлкөгө чет мамлекеттердин башчыларынын сапарлары болгонун жана бир катар өлкөлөргө Кыргызстандын Президентинин жогорку деңгээлдеги сапарлары болуп, алардын жыйынтыгында эки тараптуу документтерге кол коюлганын айтты. Айдарбеков аталган иш-чараларда жетишилген макулдашууларды жана келишимдерди ишке ашыруу боюнча бүгүнкү күндө мамлекеттик органдар тарабынан иштер улантылып жатканын белгиледи. 

2020-жылдын эл аралык күн тартибиндеги эң негизги окуялардын бири – Кыргызстандын Россия Федерациясындагы, Россиянын Кыргызстандагы эриш-аркак жылы болуп саналары айтылды. Ошондой эле, ал Мамлекет башчысынын үстүбүздөгү жылдагы чет өлкөгө сапарларына карата даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымдады. Президент бул ишке тартылган түзүмдөрдүн өз ара тыгыз аракеттенип, 2020-жылга карата тышкы саясат боюнча пландаштырылган бардык иш-чараларды сапаттуу иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.