Жаңылыктар
Туристтик милиция чет элдик жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда
Туризм
Туристтик милиция чет элдик жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда

Баш калаанын туристтик милициясы Кыргызстанга келген чет элдик жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда. Ошондой эле, алар "Манас" аба майданы аркылуу эпидемиялогиялык абал туруктуу эмес өлкөлөрдөн келгендерди атайын жабдыктар менен текшерүүдө медициналык кызматкерлерге жардам көрсөтүүдө. Чет өлкөнүн жарандары мындай аракетке түшүнүү менен мамиле жасап, өлкөдө жүрүү тартибин түшүндүрүп, коопсуздугун камсыздаган туристтик милицияга ыраазычылык билдирүүдө. 

Өз кезегинде туристтик милиция чет элдиктерге бардык өтүнүчтөр боюнча ыкчам жардам көрсөтүүдө. Мисалга, Индиянын жараны аба майдандын залындагы банкоматта кредиттик картасын унутуп койгон. Ал ошол замат туристтик милицияга кайрылган. Кызматкерлер тиешелүү банк менен байланышып, чет элдик жаранга карта алууга көмөктөшкөн. Бишкектин туристтик милициясынын кызматкерлери "Манас" аба майданында кызмат көрсөтүүсүн улантат - деп айтылат баш калаанын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.