Жаңылыктар
Газ куюучу жайлардын техникалык коопсуздук талаптары текшерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Газ куюучу жайлардын техникалык коопсуздук талаптары текшерилди

Туура эмес салынган газ куюучу жайлар ар кандай кырсыктардын келип чыгышына гана себеп болбостон, адам өмүрүнө, ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө да коркунуч келтирет. Мындай маалыматты газ куючу жайлардын абалын тешкерүү үчүн рейдке чыккан, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын өкүлдөрү белгилешти. 

Бензиндин кымбатташынан улам акыркы жылдары авто унаалар газ менен жүрүүгө өтүп жатышат. Мунун натыйжасында, Бишкек шаарында авто унааларга суюлтулган газды куючу жайлардын саны да көбөйүүдө. Бирок анын бардыгы эле техникалык коопсуздук талаптарын сактай бербейт. 

Бүгүнкү текшерүү учурунда маалым болгондой, алгач газ куюучу жайды куруу боюнча атайын долбоор иштелип чыгышы керек. Ага ылайык, газ куючу жай, үйлөрдөн, коомдук имараттардан жана аялдамадан 50 метр алыстыкта жайгашышы зарыл.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118