Жаңылыктар
Кыргызстандын аймагына кирген Казакстандын жарандары мекенине кайтууда
Чек ара
Кыргызстандын аймагына кирген Казакстандын жарандары мекенине кайтууда

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу. Чек ара кызматы билдиргендей, Казакстанга өтүүчү өткөрүү жайлары штаттык тартипте иш алып барууда. Чек ара кезмети алып өтүүгө тыюу салынган каражаттарды, курал-жарак жана ок-дарыларды, жарылуучу заттарды аныктоо үчүн жүктөрдү жана транспорт каражаттарын текшерип, паспорт көзөмөлүн жүргүзүшүүдө. 

Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөн бардык жарандардын дене табы тепловизор аркылуу текшерилүүдө. 2020-жылдын 7-8-февраль күндөрү Кыргызстандын аймагына кирген Казакстандын жарандары кайра мекенине кайтууда. Ошол күндөрү “Кең-Булуң автожол” жана “Токмок автожол” өткөрүү жайлары аркылуу Казакстандан Кыргызстанга 4 миңден ашуун жарандар кирген.