Жаңылыктар
Чүй облусу 2019-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй облусу 2019-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды

Чүй облусу өткөн жылы өнөр жай өндүрүшү, айыл чарбасында, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдө өсүштү камсыз кылды. Бирок, ошол эле учурда салык чогултуу, инфраструктуралык маселелерди чечүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уюштуруу иштериндеги кемчиликтери бар.

Облустук коллегиянын жыйыны Токмок шаарында өттү. Анда Чүй облусунда экономикадан тартып маданиятка чейинки аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды. Акыркы үч жылда дубанда ички дүң өнүмдүн көлөмү 9 млрд сомго көбөйгөн. Эң ириде айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө, өнөр жай өндүрүшүн жандандырууга көңүл бурулду.

Мындан сырткары ирригация тутумун жакшыртуу, жаңы айдоо жерлерин ишке киргизүү, айрым айыл өкмөттөрдү дотациядан чыгаруу аракеттери айтылды. Былтыр республикалык бюджеттин каржылоосунан 5 айыл чыкса, быйыл дагы 11 айылды өзүн-өзү каржылоого өткөрүү пландалды. Санариптештирүү иш аракеттеринин натыйжасы да жаман эмес экени белгиленди. Ошол эле учурда кемчиликтер арбын. Өкмөт башчы өткөн жылы түзүлгөн жумуш орундарынын санына кызыкты.