Жаңылыктар
Экономиканы өнүктүрүүчү борбор
Кыргызстан жаңылыктары
Экономиканы өнүктүрүүчү борбор

Нарын облусунун Ат-Башы районуна салына турган индустриалдык-соода-логистикалык борбордун курулушун гана Кытайлык инвестор жүргүзөт. Курулуш аяктагандан кийин ал жерге бардык өлкөлөрдөн инвесторлор, ишкерлер келип, иштесе болот. 

Аталган комплекстин курулушу болжол менен 7 жылга созулат. Кабарчыбыз Айжан Омолдошова теманы улантат.

Ат-Башы районундагы бул 200 гектар жер Нарын эркин экономикалык аймагына тиешелүү. Ушул тапта анын 176 гектары гана 49 жылга ижарага берилди. Жер мамлекеттин менчиги бойдон калууда. Ал эми долбоорду ишке ашырууга "Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы" деп аталган компания инвестор болсо, анын негиздөөчүлөрүнүн бири кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров аттуу жаран.