Жаңылыктар
Дыйкандар талаачылык менен алек
Кыргызстан жаңылыктары
Дыйкандар талаачылык менен алек

Климаты жылуу Араван району республикада талаа жумуштарын алгачкылардан болуп баштайт. Учурда дыйкандардын көбү картошка эге баштаса, башкалары эгиндин үрөндөрүн камдап, себүүгө даярдалууда.

Мындай ыкма, убакытты үнөмдөп, жер кыртышын жумшартат. Жылына эки жолу түшүм алуу аракетин көргөн дыйкандардын катарында Абдулаевдердин да үй-бүлөсү бар. Былтыркы пахта аянтына быйыл картөшкөнүн эрте бышчу сортун эгип жатат. Үшүк албаш үчүн, топурактын үстүнө полиэтилен пленкасын колдонот.

Аравандыктар “эрте аракетке келсең, ошончо көбүрөөк пайда табасың”,- деген ураан менен эртели-кеч талаада. Эрте түшүм, жакшы баа да болуп берет. Жаңы картөшкө февралдын аягында сатыкка чыга баштайт. Аравандан жылына 30 тоннадай картөшкө жыйналса, анын 30 пайызы сыртка экспорттолот. 

Түшүмдүүлүк өз учурунда сугат суу менен камсыз кылуудан көз каранды болоору талашсыз. Бул үчүн Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагындагы Кашка-Суу, Керкидан участкаларындагы суу каналдары реконструкцияланууда. Ал эми, агрономдор жазгы талаа иштеринде жер семирткичтен тартыштык болбой турганын убадалашууда. Соңку жылдары сандан сапатка ыктаган дыйкандар, көп учурда анын табигый түрүн колдонууда. 

Жаздын ар бир сааты багбандар үчүн да маанилүү. Даракка суу жүгүргөнгө чейин, бутап калуу зарыл. Бак бутоонун да ар ким эле биле бербей турган өзүнө тиешелүү сырлары бар. 

“ Өз ишмердигин кеңейтем”,- деген дыйкандар менен фермерлерге насыя берүүдө алты банк кызматташууга даяр. Бир эле, "Айыл банк" аркылуу Ош облусуна былтыр 250 млн сом насыя берилген. Мунун 50 млну дыйканчылыкка, 150сү мал